super.kg logo

Жогорку Кеңештин экс-депутатынын уулу кош бойлуу аялды жана 2 жашар баланы мас абалында унаа менен сүзгөнү үчүн 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды

 

Ош шаарында мас абалында унаа айдап, кош бойлуу аял менен анын 2 жашар баласын сүзгөн айдоочу 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жакындары билдиришти. 

Алардын айтымдарында, эгер күнөөлүү айдоочу аталган мөөнөттүн ичинде мыйзам же укук бузууга барса, ал 3 жылга эркинен ажыратылат. "Биз соттун мындай чечимине нааразыбыз деп айта албайбыз, мыйзамга ылайык, жол кырсыгы боюнча жаза шарттуу түрдө каралат экен",- деп бөлүштү жабырлануучулардын жакындары.

Мындан тышкары алар кырсыктан жаракат алган аял эртең Оштон Бишкекке алынып келинерин кошумчалашты. "Ага операция жасатуу керек болууда. Кырсыктан кийин ал төрөгөн, ымыркайдын ден соолугу канааттандырарлык",- деп билдиришти аялдын туугандары.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы быйыл 17-апрель күнү саат 08:30 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен жол четинде токтоп турган Дэу Матиз жана Хонда Фит унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен биринчи унаадан түшүп, балдар бакчасына багыт алган шаар тургуну жана анын 2 жаштагы баласы эки унаанын ортосуна кыпчылып калышкан. Ошол жерден бала каза тапкан, апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу жардам көрсөтпөй качып кеткен. Көп өтпөй ал жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалган. Жол кырсыгына себепкер болгон жаран 36 жаштагы Кубаныч Исманов экени аныкталган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын баласы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
05.08.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жаш наристенин омуру кыйлса ага чонураак эле жаза колдонсо болмок экен деги эле бизде жаза ото женил.
05.08.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
beben, ошондой кыйындарга, кыйындардын балдарына женил. жонокой адам сузуп кетсинчи шарттуу эмес нак эле камайт.
05.08.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошмаар,эми ушундай кырсыктан кудай сактасын,жаш баланын омурун кыйып алып качып кетсе ал чон кылмыш болуп эсептелер. Эми акчалуулар ушинтип айласын таап кетет экенда эптеп
05.08.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4-жыл азго жонокой жаран бир нерсе уурдаса кеминде 5-7-жыл эркинен ажыратат сот адилетсиз чечим чыгарыптыр,жаш баланын омурун кыйган бул чон кечирилгис куноо качып кеткени учун 10-жыл темир тордо олтуруш керек.
05.08.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 жылга камасанар болмок
05.08.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тоок урдаса 7жыл берет карапайым биргө. Депутат менен ырчылар тойгузду
05.08.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип жаш баланын омуру кыйылып жатса шарттуу камалат?! Ой тообо
05.08.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал жаза эмес да,шарттуу деген.Ошол кантип болсун
05.08.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сот адилетсиз чечим чыгарыптыр,адам олуп атса 7-10жылга камаса болмок."Ушуларга" келгенде эле соттун окуму,жумшак женил болуп калат.Эми ага операция керек болуп атат дейт жасатпайбы операцияны тезинен.Эх ушу депутаттын балдары куйгузду го оздорунун балдары олсо кандай болмок.Кудай бар го коруп тургандыр ичим ачышат колумдан эч нерсе келбейт...
05.08.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир көпкөн адамдын айынан чырактай бала көз жумса 4 жыл берген туура эмес го, анан да качып кетсе. Эртең эле чыгат амнистия деп
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-05 15:42:55
05.08.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалыптырда ооруп же акыл ээси жайыда эмес деп больницага жатып албай.
05.08.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экс депутат болгону учун аз маз закон иштептирда,а так камалбайт эле бийлик колунда турганда,бул дагын тез эле ден соолугуна байланыштуу уй камагына чыгаар
05.08.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен эле ал деле ооорууп калат, анан больницага жаткырып ошонон нары чыгарып ийет. ..
05.08.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 эле жылбы 10 15 жылга камаса болбойт бекен
05.08.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жаштагы баланын омурун алган учун 4 жыл абдан аз, ойноп кутулбайбы.
Ата-энеге эле азап, сай соогу сыздап гана калышты да.
Бизде катуу жазалоо же олум жазасы кирмейинче мамлекетте мындай койгой кобое берет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-06 10:56:44
06.08.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче шарттуу турдо дегени камакка алынбайт дегени да, олчойгон сумманы депутат апасы сотко, жабыр тарткан уй булоого бергенде ушундай окум чыгат. Чындап келсе олум болуп атат, анан качып кетсе???
06.08.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге 4 жыл??? Бул жерде коп статья менен кесилет. Как минимум 10 жыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: