super.kg logo
  Спорт  

Өспүрүмдөр курамасынын футболчулары Кантта "Живое" командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде утушту

 
16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы кечээ, 5-августта Кантта "Живое" командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш кызуу тиреш менен башталып, алгач "Живое" командасы эсепти ачты. Өспүрүмдөр жооп катары алгачкы 45 мүнөттүктө 2 гол жаратышты. Ал эми экинчи 45 мүнөттүктө "Живоенин" оюнчусу орой оюну жана калыска каршы орой мамилеси үчүн майдандан четтетилди. Бул таймда өспүрүмдөр дагы 3 гол жаратышты. Өспүрүмдөр курамасынан Гүлжигит Алыкулов 3 гол жаратса, дагы 2 голду Азирет Момошев киргизди. 
Кошумчалай кетсек, учурда өспүрүмдөр курамасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдык көрүп жатат. Тандоо туру сентябрь айында Бишкек шаарында өтөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: