super.kg logo

Жылнаама, 7-август: Мындан 68 жыл мурун СССРдин Эл артисти София Ротару туулган

 
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы саясий ишмер Амангелди Муралиев Чүйдүн Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган. Өнөр жай тармактарында иштеп, "Тяжэлектромаш", "Кыргызавтомаш" сыяктуу СССРдин гигант ишканаларын башкарып элге таанылган. Экономика, мамлекеттик мүлк тармактарына жетекчилик кылган.
- 1988-91-жылдары Бишкек шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы;
- 1991-92-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, Экономика боюнча мамлекет комитетинин төрагасы;
- 1992-93-жылдары экономика жана каржы министри;
- 1993-жылдан Кыргызстан өндүрүшчүлөр жана ишкер адамдар союзунун президенти;
- 1985-92-жылдары жана 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын депутаты;
- 1994-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы;
- 1996-99-жылдары Ош облусунун губернатору;
- 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- 2001-жылдан Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик фонддун төрагасы, «Биримдик» саясий партиясынын төрагасы. 
- 2010-жылдан 2014-жылдын апрель айына чейин "Кыргыз алтын" жана "Центерра" (Канада) ачык акционердик коомдорунун Директорлор кеңешинин төрагасы;
- 2010-жылдын 14-июлунан баштап 21-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри болгон.
* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы Американын программалуу “Марк I” үлгүсүндөгү алгачкы компьютери чыгарылган. Англиялык Чарльз Бэббиждин идеяларынын негизинде IBM`де жаш гарварддык математик Говард Эйкен жана дагы төрт инженерлер тарабынан жасалган. IBM`дин директору Томас Уотсон “Марк I” үлгүсүндөгү компьютерди жасоого 500 миң доллар сарптаган. Анын талабы менен компьютер дат баспас болот жана айнектен жасалган корпуска салынган. Компьютер 765 миң деталдан туруп, узундугу 17, бийиктиги 2,5 метрди, салмагы 4,5 тоннаны түзгөн. Туташтырган зымдардын узундугу 800 км болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы америкалык модель жана актриса Шарлиз Терон Түштүк Африканын Бенони шаарында төрөлгөн. Актрисанын алгачкы тасмасы “Жүгөрүнүн балдары” (1995) болгон. Шарлиз Терон 2004-жылы "Желмогуз" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына арзыган.
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы жол кырсыгынан белгилүү орус сатириги, Алтайдын губернатору Михаил Евдокимов каза болгон. Мамлекеттик автоинспекция кызматынын иликтөөлөрүнө караганда, буга губернатор Михаил Евдокимовдун айдоочусу күнөөлүү болгон. Губернатордун Мерседес 600 үлгүсүндөгү автоунаасы катуу ылдамдыкта алдыдагы автоунаадан тыюу салынган жерден ашып өтүп бара жаткан кезде айдоочу бет маңдайдан чыга калган машинадан качам деп даракты сүзгөн. Губернатор менен анын айдоочусу жана жан сакчысы да каза таап, ал эми жубайы оор жаракат алган
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы СССРдин Эл артисти София Ротару туулган.
7-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.08.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
София Ротару 45 эми чыккандай корунот го . Мага аябай жагат бир концертине кирсем деп журом
07.08.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи чыккан комп жакты баарынан эмне деген алп компьютер болгон. Чиркин.
07.08.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
45 жашында тушкон суротудур ай ким билет ким билет;-)
07.08.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boston___, 45 ке чыккандай телевизордон деле корсон ушул эле суроту эмес вообше эле айтып жатам
07.08.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
София Ратару таасирдуу ырчы. 68ге чыкса да ырларын кары жашы деле суйуп угат. Менин да суйуктуу ырчым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: