super.kg logo

Жылнаама, 10-август: Мындан 12 жыл мурун адамзаттын тарыхындагы эң алгачкы "космостук үйлөнүү той" өткөрүлгөн

 
* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы Үркүнгө байланыштуу Кара-Балта, Байкөчө, Талды-Булак, Бакин, Өтөгөн, Жаман-Сарт, Түлөберди болуштуктарында баш аламандык башталган. Пишпек уезддик жетекчисинин көрсөтмөсүнө караганда Белогорка кыштагынын аймактык приставы, көзөмөлчү жана катчылары козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы поп музыканын падышасы атыккан Майкл Жексон 47,5 миллион долларга "Битлз" тобунун ырларына болгон бардык укуктарды сатып алган.
* Мындан 387 жыл мурун, 1628-жылы Стокгольм шаарында биринчи жолу сууга түшүрүлгөн "Ваза" кемеси аңтарылып, чөгүп кеткен. 50дөй киши каза болгон. 
* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын Ден соолукту чыңдоо жана дарылоо бирикмесинин башкы врачынын орун басары, медицина илиминин кандидаты, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Асан Жайлообаев жарыкка келген. 
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен орус улутундагы АКШнын жараны Екатерина Дмитриева үйлөнүү аземин космосто өткөрүшкөн. Бул адамзаттын тарыхындагы эң алгачкы космостогу үйлөнүү деп саналган. 
* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы Голливудда болуп көрбөгөндөй атакка ээ болгон алгачкы испаниялык актёр Антонио Бандерас туулган.
10-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: