Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 8-августта Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Жаңы Аба кодексинин максаты – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу
ченемдик-укуктук актыларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана тажрыйбасына шайкеш келтирүү үчүн жакшыртуу.
Аба кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

