Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Чолпон-Атада жолугушат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12-августта жолугушат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Айтымында, эки мамлекеттин башчылары Чолпон-Ата шаарында туруп кыргыз-казак бажы постторунун расмий ачылышына тапшырма беришет.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, бажы постторунун ачылышына өкмөт башчы Темир Сариев менен Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев катышат. Бул күнү Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

