16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары өзбекстандыктарды 3:1 эсебинде утушту (фоторепортаж)



















Кытайдын Вейнянь шаарында 16 жашка чейинки курактагы футболчулар арасында эл аралык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке Кытай, Кыргыз Республикасы, Монголия жана Өзбекстан командалары катышууда. Мелдештин алгачкы оюндары бүгүн, 10-августта орун алып, кыргыз футболчулары бул күнү Өзбекстандын өспүрүмдөр курамасы менен беттешти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Беттеш курч мүнөздө башталды. Кыргыз футболчулары топко ээлик кылуу менен ишенимдүү оюн алып барышты. Ал эми өзбек футболчулары каршы чабуул уюштурууга даяр болуп, көп учурда атаандаштын коргоочуларына басым кылып жатышты. Коргоочу Малик Айтбаевдин алыстан узаткан соккусу дарбаза тулкусуна тийди. Жерге эленип, бош калган топту дарбазага Эмир Шыгайбаев башы менен таамай багыттап, эсепти ачты. Кийинки голду чабуулчу Азирет Момошев жаратты. Алгачкы тайм 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Экинчи таймда өзбек футболчулары аракеттерин бир топ арттырышты. Мунун артынан алар адегенде гол жаратышты, андан кийин орой оюну үчүн 1 футболчусунан айрылышты. 10 киши калганы менен, оюнчулар өз күчтөрүн көрсөтүп, биздин коргоочуларга бир топ кыйынчылык жаратышты. Кыргыз футболчулары 3-голду кошумча убакытта киргизишти. Алар бурчтан чыгарууну мыкты пайдаланып, татыктуу утушту камсыздашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
8

Стадион до эч ким жок го.
ссылкасын бергилечи