super.kg logo
  Спорт  

16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары өзбекстандыктарды 3:1 эсебинде утушту (фоторепортаж)

 
Кытайдын Вейнянь шаарында 16 жашка чейинки курактагы футболчулар арасында эл аралык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке Кытай, Кыргыз Республикасы, Монголия жана Өзбекстан командалары катышууда. Мелдештин алгачкы оюндары бүгүн, 10-августта орун алып, кыргыз футболчулары бул күнү Өзбекстандын өспүрүмдөр курамасы менен беттешти. 
Беттеш курч мүнөздө башталды. Кыргыз футболчулары топко ээлик кылуу менен ишенимдүү оюн алып барышты. Ал эми өзбек футболчулары каршы чабуул уюштурууга даяр болуп, көп учурда атаандаштын коргоочуларына басым кылып жатышты. Коргоочу Малик Айтбаевдин алыстан узаткан соккусу дарбаза тулкусуна тийди. Жерге эленип, бош калган топту дарбазага Эмир Шыгайбаев башы менен таамай багыттап, эсепти ачты. Кийинки голду чабуулчу Азирет Момошев жаратты. Алгачкы тайм 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Экинчи таймда өзбек футболчулары аракеттерин бир топ арттырышты. Мунун артынан алар адегенде гол жаратышты, андан кийин орой оюну үчүн 1 футболчусунан айрылышты. 10 киши калганы менен, оюнчулар өз күчтөрүн көрсөтүп, биздин коргоочуларга бир топ кыйынчылык жаратышты. Кыргыз футболчулары 3-голду кошумча убакытта киргизишти. Алар бурчтан чыгарууну мыкты пайдаланып, татыктуу утушту камсыздашты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(34)
10.08.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсынар балдар!Биздикилер ушундай тарамыш,кайраттуу келет.Алга!
10.08.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыңар жигиттер
10.08.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: