super.kg logo
  Саясат  

"Казакстан менен бирге өлкөбүздүн экономикасы өнүгөт" дейт Алмазбек Атамбаев

 

Кыргыз Республикасы бүгүн, 12-августта Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасында бажы посттору ачылды. Салтанаттуу аземге эки мамлекеттин жетекчиликтери катышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Чолпон-Ата шаарынан телекөпүрө аркылуу өлкөлөрдүн өкмөт башчыларына кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алууну тапшырышты.

Андан соң А.Атамбаев коңшу мамлекеттин лидери Н.Назарбаевге кайрылып, кыргыз эли үчүн тарыхый окуяга катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирди. "Нурсултан Абишевич - дүйнөдөгү эң мыкты лидерлердин бири. Бизде Назарбаевдей президентибиз болбой, бир топ артта калдык. Бул ачык сөз. Өлкөбүздө бир адамга карата ички дүң продукциянын көлөмү Казакстандыкына салыштырмалуу 15-20 эсе артта калган. Бирок Казакстан менен бирге биздин экономикабыз өсөт. Бул жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ичинде эң мыкты көрсөткүчкө жетет",- деди Атамбаев.

"Бүгүн Нурсултан Абишевич Алматы - Ысык-Көл унаа жолун курууну жактырды. Учурдагы жолдун узундугу 480 чакырым, эгер жаңы жол салынса, анын узундугу 240 чакырым болот",- деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Президенти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: