Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасы Кытайга 4:0 эсебинде утулуп калды (фоторепортаж)













Кытайдын Вейнянь шаарында өспүрүмдөр арасындагы "Silk Road Cup-2015" мелдеши уланууда. Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасы бүгүн Кытай менен беттешип, 4:0 эсебинде утулуп калды. Самат Сүймалиевдин командасы алгачкы 15 мүнөттө атаандаштарына басым көрсөтүп, аларды коргонууда кысканга аракет кылды. Кытай футболчулары ылдам жана бир топ тажрыйбалуу экени байкалып турду. 30-мүнөттө коргонууда кетирилген катадан кийин кытайлыктар алгачкы голду жаратышты. Ага удаа 2-гол жаралып, алгачкы тайм 2:0 эсебинде аяктады. 48-мүнөттө атаандаштар кийинки голду жаратып, утушка ишенимдүү кадам ташташты. Андан кийин алар 54-мүнөттө 11 метрлик сокку узатуу укугун алышты. Дарбазачыбыз Эльгард Сычев атаандаштарга пенальтиден гол жаратуу мүмкүнчүлүгүн берген жок. Ал эми 4-голду кытайлыктар 88-мүнөттө киргизишти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Кошумчалай кетсек, Кытайдагы мелдешке катышып жаткан кыргыз футболчуларынын жашы 14-15те. Ал эми биздин курамга каршы ойногон Кытайдын өспүрүмдөр курамасы 16 жаштагы футболчулардан куралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

КG (МАНАС) vs МОН (ЧынгызХан)
ойнойт