super.kg logo
  Спорт  

Бишкектик "Алгага" жеңилип калган "Бенфика" бүгүн бангладештик "Шейх Жамал" менен беттешет

 

Бүгүн, 13-августта саат 18:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Бенфика" (Макао) командасы "Шейх Жамал" (Бангладеш) менен беттешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, эки күн мурун, 11-августта бишкектик "Алга" командасы "Бенфиканы" 2:0 эсеби менен утуп алган. Ата мекендик клуб "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин тандоо бөлүгүнө өтүш үчүн 15-августта "Шейх Жамал" (Бангладеш) командасын жеңиши керек. 

"В" тобунда "Алга", "Бенфика" (Макао) жана "Шейх Жамал" (Бангладеш) командалары бар. "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" мелдешинин тандоо бөлүгү 2016-жылы башталмакчы.

"В" тобундагы калган оюндар:

13-август, 18:00. "Бенфика" (Макао) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).

15-август, 18:00. "Алга" (КР) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).

Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.08.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: