super.kg logo

Жылнаама, 14-август: Мындан 41 жыл мурун Бишкектеги “Айчүрөк” борбордук дүкөнү ачылган

 
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы баш калаанын борборунда жайгашкан "Айчүрөк" универсал дүкөнү ачылган. Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда ал "Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ" ачык акционердик коомуна айландырылган. Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22 пайыз акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык "Кэвитал" компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген. Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу "Айчүрөк борбордук универсал дүкөнүнө" кошуп 2003-жылы "ЦУМ-Холдинг", андан соң "ЦУМ- Арбат" жоопкерчилиги чектелген коом түзгөндүгү болгон.
* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы СССР Борбордук аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин токтомуна ылайык, өлкөдө 8-10 жаштан тарта "Жалпы милдеттүү баштапкы билим алуу" программасына киргизилген. Ошентип, сабатсыздыкты жоюу саясаты кыргыз калкына да таасирин тийгизип, кат тааныбаган адамдардын саны кыскарган. 
* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы алгачкы жолу баскетбол оюну Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген. 
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы америкалык актриса Мила Кунис Украинанын Черновцы шаарында туулган. Актриса "Кара ак куу", "Достуктагы секс" тасмалары аркылуу таанымал болгон. 
14-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: