Мирлан Бакировдун демилгеси менен Кеңеш айылында жаңы мечит ачылды
Мечит - ыймандын башаты, адеп-ахлак үйү. Кыргыз мамлекетиндеги мечиттердин катарын дагы бир мечит толуктады. Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында жаңы мечит ачылды. 45 күндө курулуп, колдонууга берилген имаратты курууга демилге көтөргөндөрдүн катарында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров болду. Ал пайдубалы курулгандан тургузулганга чейин дайыма кабар алып, эртерээк бүтүрүп элге тапшырууга ниеттенди. Аймакта мечиттин көбөйүүсү жаштардын ыймандуулугун арттырып, кылмыштуулуктун санын кыскартууда. Мечит ислам динин туура түшүнүп, шариятты бурмалабай, туура багыт алууга жол көрсөтөт. Дин аалымдарынан сабак алып, алыска барып убара тартпай, эми Кеңеш айылынын тургундары өз кыштагындагы мечитте ибадат кылышат.
кошулду
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
1

Эртемененден сизге жаман суйлогум келбейт!!!
Бирок Ханиф айым айткандай биз динди туткан элбиз, мен да Бакировдун иниси болом.
Ким барып Аллах астында намаз окуп, дува кылса ал нерсе озубузго эле ссопуо!!!
Депутат - мамлекеттик бийликтин өкүлү, а дин - мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан, депутат биринчи кезекте мамлекеттик маселелерди чечиши керек, мисалы мектеп, бала бакча сыяктуу. Анткени, мектеп, бала бакча куруу - мамлекеттин милдети.