Жылнаама, 16-август: Мындан 57 жыл мурун ХХ кылымдын эң популярдуу ырчысы Мадонна туулган
* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан-Булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казымбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу аскер каршы чыкканын көрүшүп, кайра Ак-Мойнокко артка чегинишкен. Нарындан ушул эле күнү Кочкорду карай 300 чамалуу аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан. Тынымсейит уруусу 16-августтун түнү Кара-Кужур аркылуу Кара-Каманга, андан Балгарт, андан Жаман-Эчки ашуусун ашып Тарагайга келишип, ал жерден Ак-Өгүз ашуусу аркылуу Ак-Сууга киришкен. Кытайга качкан кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, азап тартышкан.

Мадонна көпчүлүк жылдыздар сыяктуу баңгиликке, аракка, кумарга берилбестен, атактуу боло элегинде кандай болсо, азыр да ошол эле калыбында. Ал өзүнүн жашынан алда канча жаш көрүнүп, азыркы жаш ырчылардан калбай күйөрмандарын сүйүндүрүп келет.
Мадоннанын фобиясы – ратифобия, башкача айтканда, ал картаюудан, бетине бырыш түшүүдөн абдан коркот. Ошондуктан ар түрдүү спорттук машыгууларды жасоо менен келбетин, сулуулугун сактап келет.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы Москва - Санкт-Петербург каттамындагы "Аврора" ылдам жүрүүчү поезди кыйрап, 31 киши каза болуп, жүздөн ашуун киши ар кандай жаракат алган.

16-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.