Жылнаама, 17-август: Мындан 16 жыл мурун Түркияда 17 миң адамдын өмүрүн алган жер титирөө болгон
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Түркияда болгон күчү 7,8 баллга жеткен зилзаланын кесепетинен 17 217 киши каза болуп, 43 959 киши жаракат алса, 500 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, СССРдин Саламаттыкты сактоосунун отличниги, жогорку категориядагы врач-терапевт Шайгүл Жапарова көз жумган.
* Мындан 72 жыл мурун, 1943-жылы америкалык атактуу актёр жана продюсер Роберт Де Ниро туулган.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы

* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы Пишпек шаардык окуу-китепканасы ачылган. Китепкана ачуу демилгесин мугалим И.М.Глебов, фельдшер И.А.Якушев, шаардык буржуй И.А.Моргунов көтөргөн.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Омск шаарына жакын жерде, Иртыш дарыясында “Полосье” теплоходу жүк ташуучу баржа менен кагылышып, чөгүп кеткен. 6 киши каза болуп, 47 киши ар кандай жаракат алган.

* Мындан 119 жыл мурун, 1896-жылы Бриджет Дрисколл аттуу айым тарыхта биринчи жолу автоунаанын курмандыгы болгон (саатына 20 чакырым ылдамдыкта келе жаткан автоунаа сүзүп кетип каза болгон).
17-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.