super.kg logo

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын республикалык XIV съезди ийгиликтүү өттү

 

Бүгүн, 17-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын республикалык XIV съезди өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан чакырылган 700 чакты делегат катышты. Иш-чаранын башында партиянын тарыхын, ошондой эле акыркы 5 жыл аралыгында аткарган иштерин чагылдырган кыскача тасма көрсөтүлдү. Съезддин төрагасы болуп Чыныбай Турсунбеков шайланып, ал партиянын соңку 5 жыл аралыгында аткарган иштерине жана келечекте аткарыла турган маселелерге басым жасады.  

“5 жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев өзү алып барган партиялык съездибизде Апрель жана Июнь окуяларынан кийин кыйынчылыкка кептелген өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак орносо экен деп баарыбыз тилек кылганбыз. Ошол күнү баарыбыз бир ооздон өлкөнү калыбына келтирели, кайра жаралуусуна жол баштайлы деген максат койгон элек. Бүгүн биз ал убаданын өтөсүнө чыктык, өлкөбүздү туруктуу өнүгүү жолуна бура алдык деп ишенимдүү айта алабыз. Туруктуулуктун арты менен биз “Кыргыз Республикасы - кедей өлкө” деген көп жылдар бою айтылып жаткан жаман аттан арылдык. Экономикабыз акырындап жанданып, президентибиз баштаган улуттук ири долбоорлорду алдыга жылдыра баштадык”,- деди Турсунбеков.

Ошондой эле ал КСДП Жогорку Кеңештеги эң эле туруктуу фракция болгонуна токтолду.

“КСДП туруктуулукка данакер болду деп айтууга акылуубуз. Мисалы, парламенттеги 5 партиянын 5 жылдык тарыхын карап көрөлүчү. Бизден башкалардын баары ич ара ырылдашып, бири-бирин сатып дегендей, ыдырап отурду. Көпчүлүктүн кулагына жаккан популисттик убадалар менен тойгузуп жатканда биз баш көтөрбөй иштедик. Бир гана КСДП бөлүнүп-жарылган жок, биримдиктүү партия экендигибизди далилдедик”,- деди ал.  

Кийинки сөз парламент төрагасы Асылбек Жээнбековго берилип, ал өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык маселелерге кыскача токтолду. Анын айтымында, партия бул маселелерди чечүүгө жигердүү аракет кылды. Бирок Жээнбеков VI чакырылыштагы парламенттин алдында дагы бир катар негизги миссиялар турганын айтты. “V чакырылыштагы парламент бир катар көйгөйлүү маселелерди чечти. Бирок “Кумтөр”, чек ара көйгөйлөрү жеткиликтүү чечилбей калды. Ошондуктан кийинки парламент ушул көйгөйлөрдү чечүүсү керек”,- деди Жээнбеков.

Ошондой эле съезддин жүрүшүндө партиянын аймактардан келген делегаттарына да сөз берилип, ар бири 5 мүнөттөн жарыш сөзгө чыгып, негизги көйгөйлөрдү ортого салышты. Дээрлик баары бир ооздон өлкөнүн ынтымагы тууралуу маселе көтөрүштү.    

Жыйынтыгында делегаттар парламенттик шайлоого карата тизмедеги талапкерлерди тандап алышты.   


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.08.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баш которбой иштегенинер чын.Жасалган жумушунардын дайны жок.Кыргызстандын кедей мамлекет деген туралуу эч жерде маалымат жок.Жашоо мурун кандай болсо,эл ошондой эле оокатын кылып жатат.
17.08.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конечно ийгиликтуу ототда бут ресурс КСДПнын колунда болсо.
18.08.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйраттыңар
18.08.2015. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды суйлотуп кошомат кылдырып еле койсо болду
18.08.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edik_86, кимдир бирөөнү мазактоого, кадыр-баркына шек келтирүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 8 күн БАН!
18.08.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токочтуу бала суймончуктуу дегендей эле А.Ш.Ага аптечный пахтадан коюп олтурган адамдарды коруп атам.
18.08.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул партия ысык-суукту коргон жок пазицияда гана журду анын устуно башчысы АША болсо кайсыл ХХХ бул партиядан кетээр эле
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-18 16:00:25
18.08.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jolbors8989, этика нормаларын сактаңыз!
18.08.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Партия ,партия мучолорунун эле саны коп. Мамлекет буларды бекер эле багып жаткандай. Кылган иштеринен дайын жок.
19.08.2015. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн татыктуу партия, эн кыйын саясатчылар, ийгиликтуу ишкерлер чогулган экен. 5 жыл балык эле болду го чиркин. Бирок жакшы оздору айткандай болунуп жарылбады. Башка партиялар ишкылбай же жон журбой ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: