super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов шайлоого чейин акталбай калышы мүмкүн

 
Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чейин акталбай калышы мүмкүн. Мындай пикирди анын жактоочусу Чынара Жакупбекова бүгүн, 19-августта маалымат жыйынында билдирди. "Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чейин убакыттын тардыгынан улам сот тарабынан акталбай калышы ыктымал. Сот процессин атайын создуктуруу аракеттери жүрүп жатат. Бирок Мырзакматов убагы келгенде сөзсүз акталат",- деди жактоочу.
Эскерте кетсек, Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга кескен, 17-августта облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. М.Мырзакматов "Ата Мекен" партиясынан талапкерлердин тизмесинде 3-катарда турат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: