Ысык-Көл. Караколдо кыз ала качууга каршы акция өтүүдө
Каракол шаарындагы
Кызыл жарым Ай коомунун координатору Анара Абдразакованын билдирүүсүнө
караганда, Кыргызстанда 60% үй-бүлө
ала качуу жолу менен түзүлөт. Бир жылдын ичинде 12 миң кыз ала качууга, 3 миңден
ашууну зордуктоого дуушар болот. Буга байланыштуу бүгүн Каракол шаарындагы Касымалы
Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында зордук-зомблукка каршы акция өтүүдө. "Ала качууга
каршыбыз" деген тургундардын баары акцияга келип, атайын китепчеге өз
ой-пикирлерин калтырышууда.
Автор: Айзат Анарбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















