Жылнаама, 20-август: Мындан 64 жыл мурун 17 кишини мышьяк менен ууландырып өлтүргөн алгачкы америкалык киши өлтүргүч аял көз жумган

Кулбарак уулу Балбай Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында 1993-жылы туулуп, 2011-жылдын күзүндө аскерге чакырылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы 19-август күнү кечинде Ренат Тентимишов өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми 20-августта 26 жаш курагында көз жумган. Маркум 22-августта туулуп-өскөн жери Кочкор районунун Мантыш айылында жерге берилген.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы италиялык альпинист Райнхольд Месснер биринчи жолу өзү жалгыз жана кислород маскасыз Эвересттин чокусуна чыккан. Месснер бир гана тоолорду багындыруучу эмес, алардын популяризатору дагы. Ал альпинизм тууралуу 70тен ашык китеп чыгарган. "Хрусталь горизонту" аттуу китеби дал ушул Эверестти багындырганы тууралуу.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы 17 кишини мышьяк менен ууландырып өлтүргөн алгачкы америкалык киши өлтүргүч аял Берта Гиффорд жиндиканада жатып көз жумган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Япониянын Хиросима шаарындагы катуу жааган жамгырдан кийин орун алган жер көчкүнүн кесепетинен 27 киши көз жумган. Каза болгондордун арасында беш адамды куткарган куткаруучу да бар болгон. Өлкөдөгү Башкы метеорологиялык башкармалыгы Хиросимада үч сааттын ичинде жааган жамгыр жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айткан. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 10 турак үй бузулган.

“Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу, "Большие люди" долбоорунда каардуу Баха братандын ролу аркылуу белгилүү болгон Ренат Тентимишов 1987-жылы 18-июлда Фрунзе шаарында туулган. Немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияны аяктаган соң, Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өткөн. Университетти аяктап, Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп, банкта бир жылча иштеп, кийин "Азия Микс" КВН командасына кошулган. Андан сырткары "Общага" телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен.


Анын бардык курмандыктары достору, кошуналары же күйөөсүнүн туугандары болгон.
20-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Ренат+Тентимишов&x=0&y=0&media_search=1