super.kg logo
  Саясат  

БШК добуш берүү бюллетендерин автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды кайрадан текшерди

 
Жеңиш Акматов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Бүгүн, 20-августта парламенттик шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов добуш берүү бюллетендерин автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын иштөөсү менен журналисттерди тааныштырып чыкты. Акматов буга чейин айрым жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо аталган урналар тестирлөөдөн өткөрүлүп, бирок жыйынтыгы туура эмес эсептелип калганын айтты. "Учурда корей ишкерлери тарабынан кетирилген кемчиликтер кайра каралып чыкты. Эми катачылык кетпейт деген ойдобуз",- деди Акматов. 
Андан соң ал урналарды тестирлөөдөн өткөрдү. Урнага жалпы 13 бюллетень салынып, жыйынтыгы туура чыкты. 
"Өзүңүздөр көргөндөй, мен урнага 13 бюллетень салдым эле, анын 8 даанасы туура эмес болуп чыкты. Анткени туура эмес эсептелгендеринин айрымдарына 2 добуш берүү белгиси коюлуп калган болсо, айрымдарына белги туура эмес жайга коюлган. Ал белгилерди урна автоматтык түрдө эсептеп, туура же туура эмес экенин айырмалайт",- деди ал. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: