super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы 7 айда социалдык чөйрөгө 31,9 миллиард сом жумшалды

 

2015-жылдын январь-июль айларынын аралыгында социалдык чөйрөнүн чыгымдары 31 миллиард 988,2 миллион сомду же бюджеттин жалпы чыгымдарынын 58,1 пайызын түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу социалдык чөйрөнүн чыгымдары 1 миллиард 539,5 миллион сомго өстү. Бул тууралуу 20-августта Каржы министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, социалдык коргоого республикалык бюджеттен 14 миллиард 290,9 миллион сом бөлүндү, бул сумма былтыркыга салыштырмалуу 992,8 миллион сомго көбүрөөк. Билим берүү секторунун чыгымдары өткөн жылдагыга салыштырмалуу 69 миллион сомго көбөйүп, 10 миллиард 640,4 миллион сомду түздү. Саламаттык сактоо тармагына 5 миллиард 746,5 миллион сом бөлүндү, бул каражат былтыркыга салыштырмалуу 260,6 миллион сомго көп. “Эс алуу, маданият жана дин” бөлүмүнө кеткен чыгымдар былтыркыга салыштырмалуу 217,1 миллион сомго көбөйүп, 1 миллиард 310,4 миллион сомду түздү. 

Быйылкы жылдын такталган бюджетинде социалдык коргоого 28 миллиард сом, саламаттыкты сактоого 13,8 миллиард сом, билим берүүгө 21,3 миллиард сом, эс алуу, маданият жана динге 2,6 миллиард сом каралган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: