Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын өкмөт жыйынына даярдыгы жок келгени сынга алынды
Бүгүн, 21-августта Өкмөт үйүндө парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча маселе каралууда. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова ушул убакытка чейин канча жаран биометрикалык маалыматын тапшырганы боюнча так санын айта албай: "Менде бул боюнча так маалымат жок",- деди.
Бул боюнча өкмөт башчы Темир Сариев: "Эмне эле улам эле "около" деп жатасыз? Так санын бергиле да. Сиздерде дайыма так сан болуш керек. Шайлоо жакындап келе жатат",- деди.
Ал эми Алина Шаикова Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында канча жаран биометрикалык маалыматын тапшырганы боюнча маалыматы жок экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















