Жылнаама, 23-август: Мындан 65 жыл мурун кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Роза Отунбаева туулган
* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы мамлекеттик ишмер, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти жана КМШдан чыккан алгачкы президент айым Роза Отунбаева Ош шаарында туулган. Орусиянын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. Роза Отунбаева 1975-1981-жылдары Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы болгон. 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы, 2010-жылдын июль айынан тартып 2011-жылдын 1-декабрына чейин мамлекетибиздин өткөөл кездеги президенти болгон.
* Мындан 1539 жыл мурун, 476-жылы варварлардын соккусунун натыйжасында Батыш Рим империясы ураган. Акыркы императору Ромул Август тактан кулатылып, Римди варвар Одоакр ээлеп алган.
* Мындан 216 жыл мурун, 1799-жылы Санкт-Петербург шаарында бакенбард өстүрүп жүрүүгө тыюу салынган. Бул сунуш император Павел I тарабынан киргизилип, шаар башчысынын макулдугуна ээ болгон.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы Чеченстандын туңгуч президенти Ахмат Кадыров Казакстандын Караганды шаарында туулган. Ахмат Кадыров Чеченстандын Кремлдин өкүмүн тааныган бийлигинин президенти кызматын аркалап турган чагында чечен жикчилдери уюштурган террордук жардыруунун айынан 2004-жылы 9-майда 52 жашында каза болгон
23-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Биринчиден; Кыргыз аялдарынын ичинен Курманжан даткадан кийинки аял башкаруучу б.а.(Кыргызстандагы откоол мезгилдеги) Эркин Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеваны 65 жылдык мааракеси менен куттуктаганча; Роза эжеге Кудай берген жашты жашашына тилектешмин!! Экинчиден;Тарыхта аты калган мусулман боорубуз Чечендердин башчысы Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун элесине таазим!!! (Менин жеке тилегим!!!).
Туулган куну кут болсун Роза эжекебиздин кудай сизге узун омур ден соолук кажыбас кайрат берсин.Кыргызстанга оор кырдаалда президент болуп абалды турукташтырып мен деп тош каккан канчалаган эркек сорой саясатчыларга салыштырганда алгылыктуу иш жургузуп креслого жабышпай кадыр баркыныз менен кеттиниз аман болунуз
Кыргызстандан, дегеле КМШ (СНГ)дан аялдардан алгачкы Президент болгон Роза Отунбаева эженин туулган кунун куттуктаган комментарийиме минус баскан акылы тайкы адамдарга айла жоктон кулдум ааай!! Чындыкты моюндамак турсун,коро албастык конулунон чыкпаган акылы тайкы адамдар арабызда жашаганы менен омур кызыктуу жеке мен учун!!!
Medina87,Абдан туура айтасын адамды туулган куну менен куттуктасан да минус баскандарга мен да тан калдым тан калганым тараганда жиним келди Эми ошолордун акылы денгээли ошого жетсе не кылабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
×
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:
Жеке айтышууларга тыюу салынат.