Футболчуларыбыз 3-сентябрда Иордания менен болчу беттешке кызуу даярданып жатышат










3-сентябрда футбол боюнча улуттук курама команда 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында үчүнчү беттешин өткөрөт. Анда футболчуларыбыз конокто Иорданияга каршы турушат. Ирбид шаарында өтчү беттеш жергиликтүү убакыт боюнча 19:00дө башталат.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: КРнын Футбол федерациясы
Бул беттешке карата футболчуларыбыз Бахрейнде кызуу даярдыктан өтүп жатышат. Алгачкы машыгууда 15 оюнчу болгонун КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты. Курамга бүгүн, 24-августта Эдгар Бернхардт,
Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев, Фархат Мусабеков жана Бахтияр Дүйшөбеков сыяктуу футболчулар кошулары күтүлүүдө. Ал эми 26-августта
Антон Землянухин курамды толуктаса, 27-августта Виктор Майер, 28-августта Валерий Кичин катарга кошулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Ал боюнча маалыматыбыз азырынча жок.