super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеш старт алды

 

25-августтан тарта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган старт алды. SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашкандай, мелдешке 12 команда катышууда. 24-августта чүчү кулак ташталып, командалар төмөнкүдөй тартипте 4 тайпага бөлүндү:

1. "А" тайпасы: "Аккула", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн"

2. "В" тайпасы: "Бөрүлү", "Датка", "Достук"
3. "С" тайпасы: "Талас", "Бакай-Ата", "Ак-Талаа"
4. "D" тайпасы: "Баткен", "Ак-Суу", ИИМ

Кошумчалай кетсек, алдын ала беттештер 25-27-август аралыгында өтөт. 29-августта жарым финалдык беттештер орун алып, финалчылар аныкталат. Финалдык беттеш жана 3-орун үчүн болгон беттеш 31-августка пландалган. 

Өткөн жылы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалында “Талас” командасы “Бөрүлүнү” 6:2 эсебинде утуп алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: