super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев террорчуларды колго түшүрүү боюнча атайын операцияга катышкандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

 
Президент Алмазбек Атамбаев террорчуларды колго түшүрүү боюнча атайын операцияга катышкан УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерине Эрдик медалын жана президенттик сааттарды тапшырды. Бул тууралуу 25-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчы өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугу үчүн милдеттерин так аткарган УКМКнын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип: "Атайын бөлүктөгү жоокерлер операция учурунда профессионалдуулукту көрсөтө алышты деп ойлойм. Буга жыйынтыктар да күбө боло алат. 4 согушкер жок кылынып, дагы террордук топтун 7 мүчөсү кармалды. Ошондой эле курал-жарактар, жарылуучу заттар алынды. Согушкерлер ойлогон оюн ишке ашыра алышкан жок. Болбосо карапайым элде жоготуулар көп болмок",- деди.

Президент Алмазбек Атамбаев терроризм жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгилеп, жоокерлерге ден соолук каалады. 

Эске салсак, 16-июлда саат 18:30дарда УКМКнын террорчуларга каршы операциясы башталып, 20:20 чамасында токтотулган. Анда 4 жоокер жаракат алган. УКМК жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө 4 согушкер өлтүрүлүп, 7 согушкер кармалганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: