Жылнаама, 26-август: Мындан 105 жыл мурун Тереза эне (мать Тереза) атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу туулган


1979-жылы Тереза энеге тынчтыктын "Нобель" сыйлыгы "Азап чеккен адамга жардам берүү ишмердиги үчүн" ыйгарылган, бирок ал салтанатка келүүнүн ордуна Бейрутка учуп кеткен. Анткени кандуу өрөөндөн 38 жаш баланы алып чыгып кетүү миссиясы аталган сыйлыктан ары жогору, ары сыймыктуу болгон.
Агнес Гонджа Бояджиу 1997-жылы 5-сентябрда 87 жаш курагында каза болгон.

Земфиранын аткаруусундагы бегилүү ырлар: "Ариведерчи", "Искала", "Трафик", "Прогулка", "Мы разбиваемся" жана "Без шансов". Земфира Орусиянын эң ийгиликтүү ырчыларынын катарына кирип, 2012, 2013, 2014-жылдары "Эхо Москвы" радиостанциясынын, "РИА Новости", "Интерфакс" маалыматтык агенттиктеринин жана "Огонёк" журналынын версиясы боюнча "Орусиянын 100 таасирдүү аялдарынын" бири деп табылган.

Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин абдан көп тасмаларга тартылып, өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө жетерлик акча топтойт да, тасмага тартылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнөсүнө такыр кайтып келбөөнү ойлойт. Бирок 2004-жылы, 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.

26-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.