super.kg logo

Ала-Тоо конушунда долбоордун тийиштүү документтери жок, белгисиз адам тарабынан курулуп жаткан курулуштун пайдубалы сүрдүрүлдү

 

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Ала-Тоо конушунда долбоордун тийиштүү документтери жок, белгисиз адам тарабынан салынып жаткан курулуштун пайдубалы сүрдүрүлдү. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, 2005-жылы белгисиз жаран жер тилкесин өз алдынча басып алып, курулуштун пайдубалын тургуза баштаган. 

2015-жылдын 14-августунда Ленин РИИБи, Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти, Мамлекеттик каттоо кызматы, Ленин райондук администрациясы жана комиссия тарабынан пайдубалды сүрдүрүү чечими кабыл алынган. Өз алдынча курулушту баштоо жана анын кесепеттери боюнча, КРнын Жарандык кодексине киргизилген толуктоолорго ылайык, мэрияга ээси жок курулуштарды сүрдүрүү укугу берилген. Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланарын белгилеп, жыл башынан бери ушул сыяктуу 100гө чукул курулуш сүрдүрүлгөнүн айтты.

Ала-Тоо конушунун тургундары шаар бийлигинин аракеттерин колдоого алышты. "Жалгыз эле мен эмес, менин кошуналарым да сүрдүрүү демилгесин колдоп жатышат. Бул жерге бала бакча курулушу керек эле, кайсы бир адам келип, бул жерде жашай турганын айтып пайдубал кура баштады. Бул туура эмес деп ойлойм. Баары мыйзам чегинде болушу керек",- деди Карып Урумбаев.

Калаа башчылары шаар мэри Кубанычбек Кулматов менен биргеликте мыйзамсыз басып алынган жерлерди кайтаруу жана уруксатсыз курулган объектилерди сүрдүрүү боюнча активдүү иш алып барышууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.08.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул деле жондон жон курбаса керек.Сатып алды да ошо чондордун бироосунон.Аны сургучо ататурк паркындагы уйлорду сурдурбойсунорбу.Кучу жеткени эле жаны конуштардагы уйлор
26.08.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыйзамсыз демиш болуп жаны конуштагы жардыларга ителгидей атырылбай Ататурктогу чондорго тийишип корбойсунорбу ошолорду сурдурсонор карапайым эл озу эле келмек сурдур меникин да меники да мыйзамсыз болчу деп
26.08.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оой, кандай эле белгисиз адам куруп калсын же НЛО куруп жатыппы??
26.08.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда Ала тоодон жер алгам бирок алдап кетишти жер алыштан да коркосун азыр уй салсан ушинтип суруп салат.
27.08.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омии тим бир жер тилекени сурдуруп салып бут маалымат булактарына мактанып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: