Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнүн 24 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бүгүн, 26-августта Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын фойесинде «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 24 жыл» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, экспозицияга китептер, гезиттик публикациялар, окумуштуулардын изилдөөлөрү, документалдуу иллюстрациялар, уникалдуу тарыхый материалдар, ошондой эле эгемендүүлүккө арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлган.
Көргөзмө 4 бөлүктөн турат:
1. Кыргыз Республикасынын тарыхы;
2. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн жаралышы;
3. Эл аралык байланышы;
4. Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданият, адабият жана көркөм өнөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.