Жылнаама, 27-август: Мындан 15 жыл мурун Москвадагы "Останкино" телемунарасында өрт чыккан

Асылбек Жээнбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагалыгына шайланган.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы коомдук жана мамлекеттик ишмер Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылында туулган. 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинин англис жана америкалык адабият адистиги боюнча аяктап, 2002-жылы КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан менеджмент, бизнес жана экономика адистигин алган. Эмгек жолун 1996-жылы Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик протокол бөлүмүнүн ассистенти катары баштаган. 2012-2014-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Бишкек шаарынын стратегиясы боюнча комиссиясынын төрайымы болуп, 2014-жылдын 4-апрелинде вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ал эми 2014-жылдын 20-декабрынан тартып КРнын Билим берүү жана илим министри болуп иштеп келет.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы атактуу советтик хоккейчи Валерий Харламов жол кырсыгына кабылып, 33 жашында көз жумган.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы Москвадагы "Останкино" телемунарасында өрт чыккан. Өрттүн очогу 460 метр бийиктикте жайгашып, анын кесепетинен 3 кабат толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүү убагында 300 метр бийиктиктен жоон аркан (трос) үзүлүп кеткенде лифт ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта түшүп, ичиндеги 3 адам каза болгон.


Мыкты хоккейчи Валерий Харламов 1967-1981-жылдары ЦСКА, 1969-1980-жылдары СССРдин курама командасында ойногон. Ал 1969-жылы "СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери" деп табылган. Валерий Харламов 2 жолку Олимпиада чемпиону (1972, 1976), 8 жолку Дүйнө чемпиону болгон. Ал 1972, 1973-жылдары "СССРдин мыкты хоккейчиси" деп аталган.

27-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.