super.kg logo
  Саясат  

“Кыргыз-казак бажы бекеттеринен товар алып өтүүдө жаралган кыйынчылыктар жоюлуп жатат” деди министр Панкратов

 
“Кыргыз-казак бажы бекеттеринен товар алып өтүүдө жаралган кыйынчылыктар жоюлуп жатат”,- деди экономика министри Олег Панкратов. Министр бул тууралуу бүгүн, 27-августта Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнө байланышкан маселелер боюнча өтүп жаткан брифингде айтты. 
Анын билдиришинче, учурда чек арадан товар алып өтүү ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жатат. 
"Кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынгандан кийин ал жайга барып келгенбиз. Чынында эле товар алып өтүүдө ишкерлер кыйынчылыктарга кабылып жатышканын билдиришкен. Кечээ, 26-августта да барып, андагы абал менен таанышып келдик. Көпчүлүгү жеңил кирип-чыгып жаткандарын айтышты, анткени биринчи ирет өтүп жатышканда товар боюнча иш кагаздарды толтуруу кыйынчылык жаратчу. Азыр бир кыйла жеңилдеп калды",- деди министр. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: