Жалал-Абад шаарында самбо күрөшү боюнча мелдеш өтөт
Эртең, 29-август күнү Жалал-Абад шаарында самбо күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин жаркын элесине арналып, Жалал-Абад облусундагы милициянын өздүк курамынын арасында өтөт. Иш-чаранын негизги максаты коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматкерлердин кесиптик даярдыгын чыңдоо болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.