super.kg logo

Бишкекте “Эгемендүү кыргыз өлкөсү” аттуу көргөзмө ачылды

 
Фрунзе музейинин илимий кызматкери Касиет Тилекматова

Бүгүн, 28-августта Кыргыз мамлекеттик мемориалдык Фрунзе атындагы музейинде “Эгемендүү кыргыз өлкөсү” аттуу көргөзмө ачылды. Ага өлкөбүздүн эгемендүүлүктү алгандан кийинки тарыхындагы, маданиятындагы, экономикасындагы маанилүү окуяларды камтыган 130дан ашык фото-документтер коюлду. Фрунзе музейинин илимий кызматкери Касиет Тилекматованын айтымында, көргөзмө бир айдан ашык убакытка чейин турат.

Көргөзмөнү даярдоого 3 айдан ашык убакыт сарптадык. Бул жерден Конституция, кыргыз сому, өлкөбүздүн өзүнүн орден-медалдарынын иштелип чыкканы туурасында жана башка маалыматтарды табууга болот. “Миң уккандан, бир көргөн артык” демекчи, патриоттук сезимди дагы бир жолу ойготкон көргөзмөнү көрүп кетүүгө шаардыктарды чакырабыз. Кирүү акысыз”,- деди Тилекматова.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: