Жылнаама, 31-август: Мындан 18 жыл мурун Уэльстин тактысына мураскер, ханбийке Диана 36 жашында автокырсыктан каза болгон




Диана 6 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кичинекей кыз агасы менен атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин кичинекей Ди Францияда бир нече жыл жашаган. Ал жерден психологдун окуусун окуп, кайрадан бир кездерде өзү окуп бүтүп кеткен "Жаңы Англияга" мугалим болуп орношот. Ошол жерден Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен таанышат. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жылуу мамиледе жүрүп, 1981-жылы 29-июлда баш кошушат. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан.
1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана анын досу ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз жол кырсыгына кабылып, өмүрү менен кош айтышат. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келине баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен. 1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2,5 миллиард адамды түзгөн. 36 жашында көз жумган Диананын сөөгү Нортхэмптонширге коюлган.
31-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.