super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Кытайга барат

 
Бүгүн, 1-сентябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары башталат. Анда президент Бээжин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышат. Ага 30дай мамлекеттин башчылары чакырылган. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашат жана бир катар келишимдерге кол коюшат. 
Атамбаев 3-сентябрда кыргыз жерине кайтып келип, 4-сентябрь күнү Иран мамлекетине бармакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: