super.kg logo

Борончу Кудайбергеновдун концертинде мигранттардын көйгөйүн чагылдырган сатирага элдин көзүнөн жаш акты (фото)

 

Бүгүн, 1-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда куудул Борончу Кудайбергеновдун

100 пайыз күлкүгө толгон “Алдар Көсө” аталышындагы концерти өттү. Кечени “Тентектер”, “Беш тапан” куудулдар тобунун жигиттери коштоп, концерттин башталышы менен эле куудулдардын тамашалары күлкү күйөрмандарынын маанайын көтөрдү. Өзгөчө Борончу Кудайбергеновдун жогоруда аты аталган топтордун балдары менен биргеликте аткарган окуу жылынын ачылышына арналган сатирасы залды күлкүгө бөлөдү. Концертте Кудайбергенов өзүнө таандык бир катар ырларын тартуулап, андан кийин үч-төрт кыздын сахнага жаңыдан ырдап чыгып, сахна көшөгөсүн ачышына орун берди. 

Акырында Кудайбергенов менен "Беш тапан" тобунун жигити Болсунбек Стакеевдин парламенттик шайлоо жана чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мамлекетибиздин жарандарынын көйгөйүн чагылдырган сатирасы көпчүлүктү жашытты. Куудулдар сатира ойноп жатып өздөрү да көздөрүнө жаш алышты. 

Сатиранын маңызында 10 жылдан бери Орусияда жүргөн кыргыз жигитинин мекенине келбей, ошол жактан үйлөнүп, кийин кош бойлуу түгөйүн жетелеп келип, атасына "батаңды берип, келиндин үйүнө барып, ата-энесинин астына түшүп кой" деп суранганы, ага атасы шарт жок, өзү, кемпири жана кичүү баласы банктарда күрөөдө турганын, шайлоодо депутаттыкка талапкерлерден акча алып, анан талабын аткара турганын айтканы камтылган. Андан кийин жигит өзү менен бирге жүргөн мекендеши 10 жылдан бери туулган жерине келе албай, мекенинин абасын, суусун сагынганын, бөтөн жерден тажаганын айтып, "карыздарымдан кутулуп кетем" деп, карыздарын бергенден кийин каза болуп калганын айтып бергени айрымдарынын көздөрүнөн жаш агызды. 

"Бийлик башындагылар элге шарт түзүүнүн ордуна элди алдап, мамлекеттин казынасына кол салып жаткандыктан, ал жакта бир нече миң мекендеш эптеп жашоосун оңдоп алуу үчүн тентип жүрөт. Аксакалдар кээ бирөөлөрдүн арзыбаган акчасына бата берип, "сен жакшы" деп кайра бийликке келишин колдоп жатышканына күнөөлүү. Чет өлкөдө мекендештер бир бөлмөлүү батирлерде 10-15тен болуп жашап, аргасыздыктан жүрүшөт. Айрымдары ден соолугунан айрылып, кээси каза болуп жатат. Балдары бул жакта көрүнгөн тууганынын үйүндө күн өткөрүп, ата-энесин күн санап күтүүдө",- деп жыйынтыктады сатираны атасынан бата сураган жигит (Борончу Кудайбергенов). 

Сатирага күбө болгон залдагы элдин бир тобу көзүнө жаш алып, ордуларынан туруп 3-4 мүнөт кол чабышты. 

Бул концерт 31-августта да тартууланган. 






Куудул Борончу : "Шефке атаандашып биз да концерт коюп алыптырбыз"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
02.09.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сатирада суротолгондой азыркы абалыбыз ото кыйын. Борончу байкеге ийгилик каалайм.
02.09.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар неге жок? Бмлгендер жазгылачы
02.09.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uragan007, тынар экоо. Болунуп Тынар Ошто концерт берип журот экен. Супер инфонун тоолук барагын окусан ошол жерде эмне дегени жазылган
02.09.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
uragan007, атам бай. 120 гисар коюм бар деп косяк болуп калды окшой го дейм да
02.09.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aviator, касяктарын жууган окшойт бугун ЖалалАбадта концерт койуп журот 120гисарин кайтарып
02.09.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура да кыргызстаныбыз онугуп кетсе баары кетишмек да
02.09.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Борончу Тынар экоосу бириксе чындыкты айтат экоосу биригип иштесин
02.09.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чындык мен Тынар менен Борончунун аткаруусундагысын кордум эле.
Медиа-портал
02.09.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Концерттин башка кунго койсо болмок экен,31-августка эмес!
Медиа-портал
02.09.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кичине кишинин жакшы ыры барбы деги
SUPER.KG видео
02.09.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба,орустун ырчылары келип бекер концертке элдин бары кетип,Борончу банкрот болдуго
Медиа-портал
02.09.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл жок го, 84 киши? Ошентсе да рахмат, ошончо адамды сыйлап концертти коюшканына
Медиа-портал
03.09.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдаба куру бекер созун менен.
ансызда жалынына куйуп келем.
ашыктык ай шооласын чачкан болсо
армансыз бул жашоодон отпойт белем

элесин эстен кеткис эрке жансын.
эркелеп журогумду эзип салдын
коз караш кулмундогон мээрим менен
куулоосуз эрк журокту эзип салдын

деп ушундай ырдалчу эле. кандай кылып баш аламан ырдады. адам санын кобойтуп келип алыптырда .ырдай албайле же ХХХ не.
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-03 09:58:28
Медиа-портал
03.09.2015. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul80,Ооба туура айтасыз,мен да тан калып оозум ачылып калыптыр)))
Медиа-портал
03.09.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul80, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
03.09.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Борончу Борончу,чындыкты суйлопсуз,кана Кыргызстан онугуп бизда оз женибизде уй булообуз менен кундо бир дасторкон устундо чай ичип деген,ишинрзге ийгилик
SUPER.KG видео
03.09.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мигранттарга куйбой эле койгулачы саясатка аралаштырбай койсонор болот азыр кыргыздар эн сонун иштешет жок дегенде 30 мин 40мин айлык алышат ар ким ажалы келсе олот да.
SUPER.KG видео
03.09.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы концерт болуптур..Тарбиялык мааниси чон концерт болуптур.Бокеге рахмат.....
SUPER.KG видео
04.09.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Борончу суйлойт десе эле суйлой берет
SUPER.KG видео
04.09.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Борончу негизи Тынардын колокосундо еле журчу да.
SUPER.KG видео
04.09.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончунун чыгармачылыгы Тынардан 10 эсе ойдо... ИМХО Тынардын тамашалары мен учун таптакыр кызыксыз. Тынар кечоо эле чыккан, Борончу качанкы Борончу. Бул менин оюм.
Медиа-портал
05.09.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы концерт болуптур озгочо Кыргыз тил маселеси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: