Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына 35 эле депутат келди. Кворум жок, иш башталбай турат




Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында кворум жок, иш башталбай турат. Саат 9:45ке карата жыйынга 35 гана депутат келди. Мындан кийин спикер Асылбек Жээнбеков 15 мүнөттүк танапис жарыялады. Эгер танапистен кийин да депутаттар жетиштүү келбесе, жыйын болбойт.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына 120 депутаттын 60 депутаттан ашыгы каттоодон өткөндө гана иш башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

