Футболчу Марат Аджиниязов алган жаракатынан улам Иордания менен беттеште майданга чыкпайт
Марат Аджиниязов


Марат Аджиниязов

Мустафа Юсупов
Улуттук курама команданын жана "Дордой" клубунун футболчусу, коргонууда оң капталда ойноп келген Марат Аджиниязов алган жаракатынан улам Иордания менен беттеште майданга чыкпайт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. Федерация футболчунун алган жаракаты боюнча так маалымат берген жок. Анын ордуна "Ала-Тоо" футболдук клубунун коргоочусу Мустафа Юсупов ойной турганы гана айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Иордания менен Кыргыз Республикасынын улуттук курамалары бүгүн, 3-сентябрда беттешет. Беттешке Бишкек сааты боюнча 22:00дө старт берилет. Бул оюн 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.