БШК: Депутаттыкка талапкерлер 5 күндүн ичинде ээлеген кызматынан кеткендиги тууралуу буйрукту көрсөтүшү керек
"Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер ээлеген кызматынан кеткендиги тууралуу буйрукту 5 күндүн ичинде көрсөтүшү керек". Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда маалымат жыйында БШКнын мүчөсү Канатбек Азиз билдирди. Бирок мындай талап Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына коюлган эмес. "Алар ээлеген кызматында калып, өз ишин уланта беришсе болот",- деди ал.
Айта кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы 14 саясий партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

