Япония БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун Кытайдагы парадга катышканын сынга алды
Пан Ги Мун сүрөттө оң жактан биринчи

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган Кытайдагы парадга катышканы үчүн Япония бийлигинин сынына кабылды. Япониянын Министрлер кабинетинин Башкы катчысы Ёсихидэ Суга: "БУУ нейтралдуу тарап бойдон калышы керек. Тарыхтын кандайдыр бир этаптарына көңүл бурууну курчутууга зарылчылык жок деп эсептейбиз",- деп билдирди.
Япониялык чиновник уюмдун жобосу жарандарды келечекке багыттап, бириктирүүгө милдеттендире турганын, бул жааттан алып караганда Пан Ги Мундун сапары туура эмес экенин айтат.
Белгилей кетсек, 3-сентябрда Пекинде өткөн парадга 12 миңдей аскер кызматкери катышты. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жоокерлери да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

