super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери 2016-жылкы бюджеттин долбоорун талкуулашты

 
Каржы министрлигинде бүгүн, 3-сентябрда 2016-2018-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өттү.   

Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын ЕАЭБга кирүүсүн, бир катар сунуштарды эске алуу менен түзүлгөнүн белгилейт. Анын айтымында, мыйзам долбооруна мугалимдердин, мамлекеттик кызматкер эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жана бир катар маанилүү мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен байланышкан кошумча чыгымдар киргизилген.   

Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдиргендей, 2016-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 119,7 миллиард сом, жалпы чыгаша 147,2 миллиард сом, тартыштык 27,4 миллиард сом суммасында долбоорлонду.

"Долбоорду талкуулоодо коомдук кеңештердин өкүлдөрү Каржы министрлигине тобокелчиликтерге, бюджеттин чыгашаларын ыңгайлаштырууга, бюджеттин кирешелерин көбөйтүү маселелерине көңүл бурууну сунушташты",- деп билдирет министрлик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: