super.kg logo
  Саясат  

Феруза Жамашева Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын кызматташтыгы натыйжалуу болгонун белгиледи

 
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өтүүдө.
Кеңешмени Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева ачты. "ШКУга мүчө мамлекеттер аралык кызматташуу жемиштүү жыйынтык берип жатат. Бул жолу соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу, адам сатууга байланыштуу кылмыш иштери боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүнү талкуулайбыз",- деди Жамашева. Андан соң президент Алмазбек Атамбаевдин атынан президенттик аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров чыгып сүйлөдү. 
Ага ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сабыр Имандосов, Беларусь Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Валентин Сукало, Тажикстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Шермухаммад Шохиен, Казакстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Кайрат Мами, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун судьясы Ху Юнтенг, Өзбекстандын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары Тогаев Кучкар, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн директорунун орун басары Нуржан Жигитеков жана Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун Төрагасы Вячеслав Лебедев катышууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: