Футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу: "Иордания менен конокто ойногонубуз жаман эмес, ошентсе да биз көп мүмкүнчүлүктү бош кетирдик"

Футбол боюнча улуттук курама командабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 3-беттешин өткөрүп, конокто Иордания менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Футбол федерациясынан кабарлашкандай, курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттештин жыйынтыгында төмөнкүлөргө токтолду:
"Иордания курамасы тажрыйбалуу, күчтүү атаандаш. Ошентсе да биз жеңишке жакын болдук. Тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана алган жокпуз. Бир чети конокто тең эсепте ойногонубуз жаман эмес. Үй ээлеринин дарбазачысынын мыкты оюну биздин жеңишке бөгөт койгон себептердин бири болду. Стадиондо мамлекетибиздин курамасынын аз сандагы күйөрмандары болушту, аларга өз кезегинде ыраазычылык билдирем".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, кеңири маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/108815/