super.kg logo

Бир катар партиялар жана коомдук уюмдар “Замандаш” партиясына кошулушту

 

Парламенттик шайлоого “Күчтүү өлкө таза колдор менен курулат” деген ураан менен аттанган “Замандаш” саясий партиясынын катары эки саясий партия жана ондон ашуун коомдук уюмдар менен толукталды. Кызматташуу туурасындагы тиешелүү меморандумга салтанаттуу жагдайда кечээ кол коюлду.

“Замандашты” колдоп чыккан коомдук уюмдардын катарында “Калыс”, "Баткен биримдиги", "Чек ара сактыгы", "Кара-Кулжа жаштары", "Бир тууган", "Лейлек жаштары", "Жаркын келечек", "Соң-Көл керемети", "Ак-Талаа" коомдук саясий кыймылдары, "Сандык кенин коргоо" комитети бар. Аталган уюмдардын курамы өлкөнүн жети облусунда тең эл менен тыгыз иш алып барып, калк кадырына ээ болгон инсандардан куралган.

“Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановдун айтымында, “Замандаш” өзүнүн тазалыгы, саясий позициясынын туруктуулугу жана эл менен шайлоо алдында гана эмес, күн санап тыным албастан тыгыз иштешкендиги менен айырмаланат. Ошол себептен аталган партия шайлоодо “Замандашты” колдоп чыкты.

"Кыргызстанды бириктирүү" патриоттук партиясынын лидери Анвар Уралиев “Замандаш” дайыма жаштарга колдоо көрсөтүп, алдыга сүрөп келгендигин белгиледи. Ошондуктан бийликке жаңы күчтөрдү, жаштарды алып келүүгө аракет кылган “Замандаштын” позициясын колдоп, ушул партиянын шайлоодо жеңишке жетишине салымын кошо тургандыгын айтты.

“Бир тууган” коомдук-саясий кыймылынын төрагасы Акылбек Халматовдун айтымында, буга чейин көптөгөн партиялар аларды катарына кошуп алгылары келишкен. Бирок эч качан коррупция, кылмыштуулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген сыяктуу терс көрүнүштөргө аралашпаган “Замандаш” партиясы менен гана өлкөнүн келечеги кең болот деп ишенип, ушул партияны колдойбуз деп чечишкен.

“Калыс” саясий кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов меморандумга кол койгон ар бир партиянын, уюмдун артында миңдеген тарапташтары, таламдаштары, пикирлештери бар экендигин белгиледи. Алардын баары алдыдагы шайлоодо “Замандашка” добуш беришет. 

Демек, муну менен “Замандаш” партиясынын парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө болгон мүмкүнчүлүгу кыйла жогорулады.

Материал "Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





"Замандаш" саясий партиясы кол койгон меморандум

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: