"Ата Журттун" депутаттары боюнча өтүп жаткан сотто митингдеги видеотасмалар көрсөтүлүүдө






Бишкекте депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча кезектеги соттук отурум башталды. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Адылбек Субанкулов 3-октябрдагы митинг тууралуу видеотасмаларды көрүү боюнча депутаттардын жактоочуларына жана мамлекеттик жактоочуларга кайрылды. Жактоочулар каршы болгонуна карабай, аталган күнкү видеону көрүү чечими кабыл алынды. Айта кетсек, кечээги соттук отурумда "Охотник" жана "Патриот" аттуу каймана ысымдар менен тергөөдө көрсөтмө берген күбөлөрдүн сотко чакыруу өтүнүчү айтылган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

