super.kg logo

Жылнаама, 5-сентябрь: Мындан 10 жыл мурун Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы, жеке ишкер Абдалим Жунусовду өз үйүнөн атып кетишкен

 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы “Кара-Суу” базарынын бир бөлүгү болгон “Туратали” базарынын кожоюну, Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы Абдалим Жунусов айдоочусу менен өз үйүндө өлтүрүлгөн. Таң атпай куралчан адамдар үйүнө кирип келишип ок чыгарышкан. Абдалим Жунусовдун өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы Сапарали Аканов кармалган.
 
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы америкалык актёр Майкл Китон АКШнын Пенсильвания штатындагы Кораополис аттуу жеринде туулган. Актёрдун өз аты-жөнү Майкл Жон Дуглас болгон. Бирок көпчүлүк белгилүү актёр Майкл Дуглас менен алмаштырып албасын деп өзүнө Китон лакап атын алууга туура келген. 
Майкл Китондун чоң кинодогу дебюттук ролу 1982-жылы "Ночная смена" комедиясында болгон. Ал эми актёрго атактуулукту "Битлджус", "В трезвом уме и твёрдой памяти", "Бэтмен" тасмаларындагы ролдору алып келген.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта эки буту жок болсо да согушкан атактуу англиялык учкуч Дуглас Роберт Стюарт Бадер 72 жашында каза болгон. Ал авиакырсыкта эки бутунан ажыраганына карабай өз ишин улантып, душмандардын 11 учагын кыйроого учураткан. 
* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Орусия президенти Борис Ельцин сыналгы аркылуу сөз сүйлөп, жүрөгүнө операция жасоого макулдук бергенин билдирген. Президентке операция ошол эле жылдын 5-ноябрында жасалып, ал убакта анын милдетин В.С.Черномырдин аткарып турган. Борис Ельцин ден соолугун чыңдаган соң, иш ордуна 1997-жылдын башында келген.
5-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.09.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы окуп, мааны берейличи окурмандар! ар бир абзац ар башка тема болуп жатат бул жерде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: