Жылнаама, 6-сентябрь: Мындан 28 жыл мурун Балтимордо сиам эгиздери биринчи жолу хирургиялык жол менен ажыратылган


Европа тарыхында Улуу Сулейман, түрк тарыхында Адилеттүү Сулейман аты менен калган Осмон империясынын 10-султаны Сулейман I же Сулейман Кануни 1494-жылы 6-ноябрда султан Селимдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Селим кайтыш болгон учурда Сулейман 26 жашта болгон жана ушул жашында баш-аягы жок чоң өлкөнү башкара баштаган. Ал аз эле жылдын аралыгында Европа өлкөлөрүнө өз өкүмүн жүргүзүүгө жетишкен. Бир канча жүрүштөрдү жасаган. Ошондой эле ал жалаң гана согуш иши менен алек болбостон, өлкөнүн социалдык абалына, маданиятына, курулуш архитектурасына да көңүл бөлгөн. Өзү мамлекет башчысы болгонуна карабастан, кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Мыкты зергер жана сүрөтчү катары элге таанылган. Сөзгө чечен гана болбостон, ыр да жазган. Анын доорунда өлкөдө бир канча көпүрөлөр, ак сарайлар, мечиттер курулган. Стамбулдагы чоңдугу боюнча экинчи орунду ээлеген "Сулаймание" мечити Осмон доорунун үлгүсүн камтыган мечит болуп эсептелет. Өзүнүн бир мүнөт убактысын да текке кетирбеген халиф Сулейман айланасындагы душмандардын үшүн алып, аларды аны менен эсептешүүгө аргасыз кылып турган.


6-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.