"Таалай элеси" тобун негиздеген Тотомидин Жолдошев эски ырларын сагынып калган күйөрмандарынын черин жазды (фоторепортаж)






















Бүгүн, 5-сентябрда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Таалай элеси" тобун негиздеген Тотомидин Жолдошевдин чыгармачылыгынын 15 жылдыгына арналган концерт орун алды. Ага ырчынын туугандары, жердештери, топтун жана күндүн каарманынын өнөрүн баалаган ыр сүйүүчүлөр келишти. "Таалай элеси" тобунун жылдызы жанган учур катары 2003-2004-жылдар эсептелинет. Андыктан чогулган элдин басымдуу бөлүгү улуу муундун өкүлдөрү болушту.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Алгач эле Ильяз Агыбай уулу алып баруучу катары сахнага чыгып, эл менен учурашты. Ага удаа анын сөзүн бөлө сахнага актёр Аскат Сулайманов чыга келди. Экөө сахна талашып, Тотомидин мырзага жакындыктарын санап киришти. Ильяз мырза Чаткалдын кулуну Тотомидин өз жердеши экенин, кичинесинен чогуу өскөнүн айтса, Аскат мырза куудулданып канча каражат төлөгөнүн айтып берди. Андан соң кече ээси арты-артынан бир катар чыгармаларын аткарды. Эл "Таалай элесинин" ырларын сагынып калганбы, тынбай кол чаап отурду. "Жол карап өттү күндөр..." жана "тык-тык этип терезеңди тыкылдатып..." деген саптары бар ырлар элдин маанайын бир топ эле көтөрүп, 2003-2004-жылдарга алып барып келгендей болду.
Тотомидин Жолдошевди бир катар өнөр ээлери колдоп келишкен. Мисалы, "Кеңеш" тобу, куудулдук өнөрдү багып келаткан "Дем" театрынын жигиттери, ырчылар Алтынбек Борошев, Чыңгыз Турдубеков жана бир катар жаш ырчылар болушту. Ошондой эле "Таалай элеси" тобунда ырдап келаткан эки жаш жигит да элдин назарында болуп, алкыштарга татышты.
Кошумчалай кетсек, маркум Таалай Бектургановдун атынан "Таалай элеси" тобун түзгөн Тотомидин Жолдошевге Чаткал районунун акимчилигинин өкүлдөрү колдоо көрсөтүп келип, белектерин беришти. Ал эми туугандары жана жердештери ага чепкен жаап, сөз арасында бир кыл куйрук убада кылуу менен камчы карматып кетишти.
"Таалай элеси" тобунун концертинен репортаж
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(9)
akzuura

05.09.2015. 23:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сары көйнөкчөн сайкалбы?ошондой аарыктап кеткенби?
friendwipkg

05.09.2015. 23:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akzuura, сайкал эмес.
Bermet_Kasymova

06.09.2015. 00:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8-суроттргу ким?
make2

06.09.2015. 00:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңишкүл эмеспи? Жүрөк сырын Жеңишкүл ырдаган, ошол ыры хит болуп таалай элесин тааныткан
Suke93

06.09.2015. 00:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
make2, Жоок Сайкалда Женишкулда эмес ал Сурмагүл Тургунаалы кызы деген искусство университетинде окуган кыз экен. Комузда кол ойноткон уну уккулуктуу жакшы ырдайт экен. Досумдун тоюна келип ырдап кетишкен эле.
elika86

06.09.2015. 01:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
женишгул сага боорум оруйт баары кидала кылды сени.
Birbaw97

06.09.2015. 08:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бэтинин баары боёк азыркы заманда бэтин эмес башка жагында бойоп алышат кыздар
nelya88

06.09.2015. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'15 жыл сахнада' -дегени окшошпой калыптыр.
Bolo

Медиа-портал
09.09.2015. 17:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Тото. Сени Чаткалдык жердештериндин баары колдойт. Чыгармачылыкта ийгилик каалайм. Жакшы ырларды жаратып, Таалай байкебиздин атын уят кылбай, татыктуу журсонор болду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.