Куурчак театрынын жаңы сезону "Кыргыз тилин барктайлы!" урааны менен өтөт
М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 77-сезонун "Кыргыз тилин барктайлы!" урааны менен өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрда саат 11:00дө "Күн - менин досум!" спектакли (режиссёрлору Н.Кулмамбетов, В.Маслов), саат 12:00дө режиссёр Б.Эсенкуловдун "Анчар менен Ак бугу" спектаклинин бет ачары болот.
"Жомокторго жана кереметтерге ишенген балдар, жаш көрүүчүлөр, алардын ата-энелери биздин спектаклдерге келишет деп үмүттөнөбүз. 77-театралдык сезондун ачылышына кош келиңиздер!"- деп чакырат мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.