Жылнаама, 9-сентябрь: Мындан 14 жыл мурун Эстониядагы "Балтфет" комбинатынын бир нече жумушчусу метил спиртин уурдап чыгып, аны арак кылып сатып, ага ууланып 68 адам каза болгон

Ал 1956-жылы 15-майда Базар-Коргон районуна караштуу Партсъезд айылында (азыркы Бай-Мундуз айылы) туулган. Куудул "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр!" жана башка интермедиялары менен элдин эсинде калган.
* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы "Кыздар", "Бензоколонка ханышасы" тасмаларында башкы ролду жараткан советтик актриса, РСФСРдин Эл артисти Надежда Румянцева Москвага жакын Жаворонки деген айылда туулган. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы Борбордук балдар театрына сынакка катышууну чечкен.
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы орусиялык жана казакстандык "A-studio" тобунун ырчысы Кети Топурия Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Кетеван Топурия. Анын атасы архитектор Андро Топурия жана апасы инженер-химик Наталья Топурия музыкадан алыс адамдар болушкан.

Эң алгачкы жолу көрүүчүлөр Надежда Румянцева деген ысымды 1952-жылы “Жашоого бет ала...” деген фильмден угушкан. Ал эми 1957-жылы Оскар Уайльддын “Жылдыз бала” жомогунда эркек баланын ролун аткарган. Чыныгы популярдуулук актрисага “Кыздар” кинокомедиясынан кийин келген. “Бензоколонка ханышасы” деген фильмдеги ролу да актрисага ийгилик алып келген. 30га жакын фильмдерде эң мыкты образдарды жараткан Надежда Румянцева көпкө созулган оорудан 2008-жылы 8-апрель күнү 77 жаш курагында каза болгон.

Кетеван жаштайынан музыканы сүйгөн. Ал 1998-жылы Тбилисидеги музыкалык мектепти, 2003-жылы музыкалык училищени аяктаган. Ошол эле жылы Кети Грузияда ырчы катары атактуулукка жетишкен. Ырчы айым Грузиянын Мамлекеттик университетинин психология бөлүмүнө тапшырган. "A-studio" тобуна мүчө болуу сунушу түшкөндө Кети окуусун таштап, Москвага сапар алган.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Эстониянын Пярну шаарындагы "Балтфет" комбинатынын бир нече жумушчусу метил спиртин уурдап чыгып, аны арак кылып сатышкан. 2 күн ичинде спиртке ууланып 68 адам каза болсо, 43 киши майып болгон.
9-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
tursunbaev2004

08.09.2015. 23:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Топуриянын атасы вор взакон болгон
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.